Москва шаарында өткөрүлгөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын соңунда бир катар документтерге жана чечимдерге кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Төмөндө кол коюлган документтер:
- “Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер тарабынан тармактарда биргелешкен кооперациялык долбоорлорду тандоо жана аларды ишке ашырууда каржылык жардам көрсөтүү жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” чечим;
- “Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө” тескеме.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жыйында сөз сүйлөп, бир катар сунуштарды берди.