Соттон айыпталуучуларды алып кетип бараткан учур
Шылуундарга алданып калдык деген жарандар акыйкаттык издеп SUPER.KG порталына кайрылышты. Алардын айтымында, жалпысынан 50 чакты киши Жалилова Жыпара жана Ильязова Нурила аттуу жарандарга мүлктөрүн алдатып ийген. Алар мындан улам милицияга арыз жазышкан. Алгач иш Бишкектин Свердлов райондук сотуна түшүп, ал жактан каралбай улам жылдырылып жатканынан жабырлануучулар сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүп, ишти Октябрь райондук сотуна котортуп алышканын айтышты.
Аталган эки жаран Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча шектелип, бүгүнкү күндө тергөө абагында отурат. Кечээ, 17-декабрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда жараян болуп, үч жабырлануучу көрсөтмө берди. Отурумда судья Феликс Осмонов төрагалык кылды.
Жабырлануучулардын айтымында, бири да айыпталуучуларды мурда-кийин тааныган эмес. Алардан унаа же зер буюм өңдүү мүлктөрүн сатып алмакчы болуп, бир аз акчасын берип, калганын кийинчерээк таап бермекчи болуп ишеничине кирип, из жашырып кетишкен. Жабырлануучулардын бири Жалилова Жыпарага "Honda Jazz" үлгүсүндөгү 430 миң сомго сатмакчы болуп, 25 миң сомун алганын, калган 405 миң сомду "бир жуманын ичинде таап берем" деп ошол бойдон из жашырып кеткенин айтты.
"Быйыл 31-июлда жолугуп, соодалашканбыз. "Эртең, 1-августта кызымдын туулган күнү, унаа белек кылайын дегем. Ошого шашылыш унаа алышым керек болуп жатат. Калган акчаны бир аптада таап берем" дегенинен бергем. Видеого тартып алгам. Кийин акчаны сурап телефон чалганымда алгач ар кандай шылтоолорду айтып жүрдү. Андан кийинчерээк чалууларымды такыр албай калды. Андан соң ал унаа колдон-колго өтүп отуруп, 4 кишиге сатылып кетиптир", - деди ал.
Экинчи болуп көрсөтмө берген жабырлануучу да унаасын сатмакчы болуп алдатып жибергенин айтты.
"Үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда унаамды сатмакчы болуп жолуктук. Жалилова Жыпара менен Ильязова Нурила экөө чогуу келишкен. "Chevrolet Spark" үлгүсүндөгү унаамды көрүп эле жактырып, алмай болушту. 7500 долларга баалаштык, миң долларын берип, калганын 1 айдын ичинде бөлүп-бөлүп берели дегенинен макул болдум. Унааны Нурила өзүм айдаганы алганы жатам деген, бирок Жыпара тил кат жазып берген", - деди жабырлануучу.
Ал эми сотто үчүнчү болуп көрсөтмө берген жабырлануучу аял борбор калаадагы соода борборлорунун биринде зер буюмдарын сатарын айтып, Ильязова Нурилага кандайча алданып калганын баяндап берди.
"Бир күнү соода борбордогу бир коллегабыз менен чогуу келип калды. Ага чейин таанычу эмесмин. Биринчи күнү 5 миң сомго билерик сатып алды. Эртеси кайра келип "кечээги таанышыңыздан дүң алтын алып турчумун" деп, алтын чынжырча сатып алды. Үчүнчү күнү келип, "Мага алтындарыңызды карызга берип туруңуз, дүң алтын сатып иштейм. "Дордой" базарына барып тааныштарыма сатып, өзүмдүн көргөн пайдамды алып калып, сиздин акчаңызды кайтарып берем. Өтпөй калгандарын кайра алып келем" дегенинен, макул болдум.
Эртеси күнү кечинде эле алып келмек. Жалпы 428 миң сомдук 117 грамм алтын зер буюмдарды бергем. Эртеси чалсам ар кайсы шылтоону айтып эле ошол бойдон из жашырып кетти", - дейт алданган соодагер.
Ошондой эле ал кийин арыз жазганын, андан соң айыпталуучу 50 миң сомун кайтарып бергенин, дагы 378 миң сому калганын кошумчалады.
Судья "428 миң деген чоң сумма да, кантип тааныбаган кишиге ишенип бересиңер?" деп суроо салды. Ага, "Жоолугуна ишенгем да. Намаз окуйм деген. Мен өзүм эч кимди алдабайм, Кудайга ишенген адаммын. Кантип алданганымды түшүнбөй калдым. Мени эле эмес, жаныбызда соода кылган башка кыздарды да алдап кетиптир" деди жабырлануучу.
Айыпталуучулардын экөө тең судьянын, "Коюлган айыптар боюнча эмне дейсиз?" деген суроосуна, моюнуна аларын айтышты.
Ал эми айыпталуучулар өздөрү жана алардын адвокаттары бизге комментарий берүүдөн баш тартышты.
Бул иш боюнча жабырлануучулардын так саны белгисиз, алардын айтымында 50 чакты киши бар. Айрымдарынын арызы сотко өткөн болсо, кээ бирлериники учурда тергелип жатат. Кийинки соттук отурум 23-декабрга саат 11:30га белгиленди.