Кыргызстандын аймагына 6 айлык мөөнөткө ак кантты ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу каралып жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөдө бул жылы кант кызылчасынын жалпы дүң түшүмү 870 миң 200 тоннаны түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 249 миң 200 тоннага көп болгон. Аталган көрсөткүч 120 миң тонна кант өндүрүүгө мүмкүндүк берип, өлкөнүн ички керектөөсүн толук камсыз кыла алат.
Мындан улам Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев жергиликтүү дыйкандарды колдоо максатында аталган азыкты ташып келүүгө тыюу салуу керектигин билдирген.
Мындай чечим 13-декабрда азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш кеңешинин отурумунда, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде айрым айыл чарба азыктарын импорттоого жана экспорттоого тыюу салуу маселелерин талкуулаган жыйында кабыл алынганы маалым болду.