Активист Айтилек Орозбековго 70 миң сом айып салынды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 10-январда Биринчи май райондук сотунан ырасташты.
Маалыматка таянсак, райондук сот аны кечээ, 9-январда Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту менен күнөөлүү деп таап, 70 миң сом айып пул салган. Ал сот залынан бошотулган.
Белгилей өтсөк, активист Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга чакырык” беренеси боюнча айыпталып жаткан. Жергиликтүү ЖМКларда Орозбеков 2024-жылдын ноябрь айында кармалганы маалымдалган.