"Атаңыздан калган эмес". Парламентте вице-спикер менен депутат Алиев чырдашты (видео)

Бүгүн, 15-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев менен депутат Медер Алиев күн тартибине байланыштуу кайым айтыша кетти. Эл өкүлү төрагалык кылып жаткан Сыдыгалиев менен "ар кандай маселелерди" узартып алуу боюнча талкуу кылып жатып, ал кайым айтышууга өтүп кетти.

Алиев жыйындарда күн тартибиндеги “ар кандай маселелер” деген пунктту алып коюу адатка айланганын айтып, элдин көйгөйлөрү айтылбай калып жатканын белгилеп, ар кандай маселелерди айтууга бөлүнгөн 2 саат убакытты кечки саат 18:00го чейин узартуу тууралуу сунуш берди. Ал эки жолу добушка коюлуп, экинчи жолкусунда гана өттү.

Андан соң Алиев процедуралык микрофонго кайрадан чыгып, вице-спикер регламентти бузуп, ага сөз бербей койгонун айтты.

“Сиз 90 депутат менен эле бирдейсиз. Бир аз мурда процедуралык сөз сурасам бербей койдуңуз. Бул (ред: Жогорку Кеңеш) сиздин жеке фирмаңыз эмес же атаңыздан мураска калган кызмат орун эмес. Мындан ары мыйзамга таянып иштейли”, - деди ал.

Ага Сыдыгалиев жооп берип, Алиевдин бир маселе үчүн микрофонго кайра-кайра чыкканын сынга алды.

“Кайра-кайра жазылып сүйлөй бериңиз. Сизди эч ким кармаган жок. Ортоңку микрофонго болсо процедуралык маселе боюнча гана сүйлөйт. Мен бир да депутатты чектеген жокмун. Убактысы келгенде сүйлөп жатат”, - деди вице-спикер.

Экөө микрофон өчкөндөн кийин дагы бир топ талашышты. Андан соң жыйын өз нугу менен уланып кеткен, бирок сөз Медер Алиевге келгенде талаш кайра уланды.

"Мени эл көйгөйүбүздү айтсын деп шайлаган. Менин сөзүмдү бөлүүгө төраганын да, президенттин да, БУУнун баш катчысынын да укугу жок. Регламентке ылайык, айтканга укуктуумун. Элдин көйгөйү менен он жолу эмес, миң жолу микрофонго чыгууга акылуумун. Сизге жеке дооматым жок. Болгону мыйзамдуулуктун сакталышын талап кылууга милдеттүүмүн. Эл мени маселебизди көтөр деп шайлаган. Сиз кызмат абалыңыздан кыянаттык менен пайдаланып жатасыз. Бул - Кылмыш кодексинин беренеси", - деди Алиев.

Сыдыгалиев жыйын түз эфирде болуп, аны дүйнө жүзү көрүп жатканын, болбосо Алиев тууралуу айта турган сөз көп экенин билдирди.
"Сиз кайра-кайра чыгып убакытты алып жатасыз. Бул жакта дагы башка депутаттар бар да. Эмне болуп жатасыз түшүнбөй турам. Мени эмне эл шайлабай президенттин сунушу менен келип калыптырмынбы?" - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Жогорку Кеңеш 15.01.25
Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан