Былтыр 1800 сом алган 78 миң пенсионердин пенсиясы төрт эсеге көбөйтүлдү

2024-жылы 1800 сом алган 78 миң пенсионердин пенсиясы 7 миң сомго көбөйтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Министрлер кабинетинин жыйынында өкмөт башчынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.

Ал былтыр пенсиялык системада кескин өзгөрүү болгонун белгиледи.

"Пенсионердин жашоо минимумунан төмөн пенсия алып жүргөн 306 миң 300 пенсионер 2024-жылдын октябрь айынан тартып 6900 сом өлчөмүндө пенсия ала баштады. Мунун ичинен 78 миң пенсионер 1800 сомдон пенсия алып келген, алардын пенсиясын 7 миңге же 4 эсеге көбөйтүлдү. Пенсиянын орточо өлчөмү 10 547 сомду түздү, 2020-жылы ал 5 665 сомду түзгөн. 2024-жылы өлкө аймагында 787 миң пенсионер бар, ал эми 2024-жылга карата пенсия төлөө үчүн 91 миллиард сом жумшалды”, - деди Амангелдиев.

Ошондой эле ал эмгек акы фонду 2020-жылы 61,9 миллиард сом болсо, 2024-жылы 145,6 миллиард сомго же 2,3 эсеге өскөнүн айтты.

“2024-жылдын 1-сентябрда дарыгерлердин айлык акысы 50 пайызга, орто медициналык персоналдын маянасы 20 пайызга, кенже тейлөөчү персоналдын, Тез жардамдын айдоочуларынын акысы 10 пайызга жогорулады. 1-июлда алыскы райондордогу, чакан шаарлардагы жана айыл жергесиндеги клиникалык ординаторлорго жана интерн-врачтарга 20 миң сом өлчөмүндө стипендия, квартал сайын 66 миң сом төлөнө баштады. Ошондой эле бир катар адистиктеги дарыгерлер үчүн компенсациялар каралган. Бийик тоолуу жана алыскы айылдарда сегизинчи балалуу болгон үй-бүлөлөргө бир жолку 1 миллион сом жөлөк пул белгиленген”, - деп сөзүн жыйынтыктады МинКаб төрагасынын биринчи орун басары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан