Бишкекте өспүрүмдөн акча опузалаган милиция кызматкери айыпка жыгылды

Өспүрүмдөн акча опузалоого шектелген милиция кызматкери айыпка жыгылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Октябрь райондук соту 16-декабрда аны "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, мамлекетке 500 миң сом төлөөгө милдеттендирген. Ал эми жабырлануучуга милиция кызматкеринен моралдык зыян катары 50 миң сом жана материалдык чыгым катары 340 миң 300 сом өндүрүп берүү чечимин кабыл алган.

Бирок райондук сот укук коргоо кызматкерин "Коркунучта калтыруу" беренеси боюнча кылмыштын курамы жок деген негизде актады.

Сотто жабырлануучунун өкүлдөрү чечимге каршы болуп, шаардык сотко апелляциялык арыз бергенин кошумчалашты.

Эске салсак, июль айында Башкы прокуратура электрондук тамеки чегип отурган өсмүрүмдү коркутуп, андан миң сом опузалап алган деп шек саналып ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкери кармалганын билдирген. Андагы маалыматта жашы жете элек бала окуя болгон жерден эсин жоготуп, ооруканага жеткирилгени жана ал геморрагиялык инсульт диагнозу менен оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы, ал эми милиция кызматкери оор абалда жаткан өспүрүмдү окуя болгон жерге калтырып, качып кеткени айтылган.

Мындан улам шектүүгө карата "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Коркунучта калтыруу" беренелери менен кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан