Ошто эне балдары менен иске ууланып ооруканага түштү. 4 жаштагы бала чарчап калды

Ош шаарында эне жана балдары иске ууланып ооруканага түшүп, тилекке каршы, 4 жаштагы бала чарчап калды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, кырсык 1-февраль күнү болгон. Анда милицияга Ош шаарынын медициналык "Тез жардам" кызматы тарабынан 6 киши иске ууланып ооруканага түшкөнү кабарланган. Тилекке каршы, 2020-жылы туулган баланы сактап калууга мүмкүн болгон жок.

"Балдардын апасы жана калган балдары дарыланууда. Окуя Ош шаарынын ички иштер башкармалыгына катталып, тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөө кызматынын алгачкы маалыматына ылайык, үй-бүлө көмүр газына ууланган", - деп билдиришти Ош милициясы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан