Садыр Жапаров өлкөдө жаңы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын түздү

Министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Өлкө башчы Садыр Жапаров "Жаза аткаруу системасынын кээ бир маселелери жөнүндө" жарлыкка кол койду. Ага ылайык, жаза аткаруу системасынын ишинин натыйжалуулугун өркүндөтүү жана жогорулатуу максатында, Конституциянын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

1. Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын базасында Министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы түзүлсүн.

2. Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматы Министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаменти деп кайра аталсын.

3. Министрлер кабинети белгиленген тартипте:

– Министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин;

– бул жарлыктан келип чыгуучу тийиштүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун бир айлык мөөнөттө киргизсин;

– бул жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучу, финансылык жана башка зарыл чараларды көрсүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан