Ооганстандын Коргоо министрлиги 2021-жылдын августунда Кабулдан Өзбекстанга афган учкучтары эвакуацияланган жети тик учактын АКШга берилишине каршы чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, министрлик тик учактар Ооганстанга таандык экенин белгилеген. Ошондой эле алар мурунку бийлик кулаган учурда барымтага алынып, өлкөдөн чыгарылып кеткендигин кошумчалаган.
"Бул учактар 2021-жылдын августунда “Талибандар” Ооганстанда өз бийлигин орното баштаганда Өзбекстан менен Тажикстанга эвакуациялоо үчүн колдонгон учактардын бир бөлүгү. Учурунда тик учактар Вашингтон тарабынан ооган армиясына өткөрүлүп берилген. Пентагондун маалыматы боюнча, барымтага алынган учактардын 46сы Өзбекстанга, 18и Тажикстанга учуп келген", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын апрель айында Өзбекстандын президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Исматулла Иргашев учактарды Америка бийлигине кайтарып берүү боюнча айтып, анын чыгымы АКШ өкмөтү тарабынан төлөнгөндүгүн билдирген.