"Көргөн сайын таң калып жатам". Депутат Оштун жаңы мэринин ишин алкады

Бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Улугбек Ормонов мыйзамсыз курулуштарды бузгандарды да жоопкерчиликке тартууну карап чыгыш керектигин айтты.

Анын айтымында, мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү иштери тандалма жүрүп жатат. Ошондой эле эл өкүлү Ош шаарында мэр тарабынан аныкталып жаткан мыйзамсыз курулуштардын көптүгүнө таң калып жатканын жашырган жок.

"Ошто аябай кызык окуялар болуп жатат. Жаңы мэр барып, ишин активдүү баштагандан кийин курулуштардын бардыгы мыйзамсыз экени билинип жатат. Демек, буга чейинки мэрлер такыр иштеген эмес, мурунку жетекчилер мыйзамды караган эмес, каалагандай уруксат берилген, чечимдер чыккан. Ушундай эле иш Бишкек шаарында да башталып, калып кетти.

"Кызыл сызыктан чыккан, мыйзамсыз" деп туруп, кичинекей күркөлөрдүн бардыгын бузушту. Ал эми чоң курулмалар калып калды, ошол эле тротуарга чыккан боюнча. Бизде ушундай тандалма иш жүрүп жатат да. Же толук бардыгын териштириш керек... Ушул иштерди кылгандарды дагы жоопко тартуу маселеси каралбай жатат. Мына Ошто мэр таңкы 5тен баштап кыдырган жеринин баарынан мыйзам бузууларды таап жатат. Мен көргөн сайын таң калып жатам. Ал жерде такыр мыйзам болгон эмеспи?" - деди Ормонов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан