Өкмөт башчы Дубайда өткөн Дүйнөлүк өкмөт саммитинин ачылышына катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарына иш сапарынын алкагында Дүйнөлүк өкмөт саммитинин ачылышына катышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, ал саммиттин алкагында “Түптөлүп келе жаткан глобалдык таасир” форумунун ачылышында сөз сүйлөйт. Ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландалууда.

Бул жолку саммит “Келечектин өкмөттөрүн калыптандыруу” темасына арналат. Иш-чарага 100дөн ашык өкмөттүк делегациялар, 80ден ашык эл аралык уюмдар жана алдыңкы дүйнөлүк эксперттер катышууда. Саммиттин максаты - эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана актуалдуу глобалдык көйгөйлөрдүн натыйжалуу жолдорун табуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан