Депутат Бишкектеги 3 көйгөйлүү маселени чечүүнүн жолун айтты

Бүгүн, 12-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров Бишкектеги үч көйгөйлүү маселени чечүүнүн жолун айтты.

Ал студенттер батир ижара акысынын кымбаттыгына нааразы экенин белгилеп, темир жолго жакын жерлерде кичи райондорду салуу керектигин билдирди.

"Бул жагы Кара-Балта, тигил жагы Токмокту көздөй кеткен темир жол бар. Темир жолго жакын жерлерге бала бакча, мектептери менен кичи райондорду курсак, ал жерлерде калк жашамак. Анан темир жол менен Бишкекке жарым саатта кирип келишмек дагы иши бүткөндөн кийин кетип калышмак. Мен мэрия менен өкмөткө ушундай сунуш берет элем. Биз анда ыш, үйдүн кымбатчылыгын жана тыгын меселесин чечмекпиз", - деди Абакиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан