Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын мурунку башчысы Юруслан Тойчубеков 5-апрелге чейин камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-февралда райондук сот аны камакка алуу боюнча УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырган. Тойчубеков Кылмыш-жаза кодексинин "Финансы пирамидаларын уюштуруу" беренеси менен шектелүүдө.
Буга чейин айрым маалымат каражаттары Тойчубеков MCN Coin криптоактиви ишине байланыштуу кармалганын жазып чыгышкан.