Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын "Түркия-Кыргызстан" парламенттик достук тобунун башчысы Юсуф Беязыт баштаган делегацияны кабыл алды.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык маселелер талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.
Баарлашуу маалында тараптар эл аралык коопсуздукка тиешелүү маселелер боюнча да пикир алмашып, анын ичинен Газа тилкесиндеги кырдаалды да талкуулашты.