Рим папасы Францисктин ден соолугу начарлап кеткени кабарланды 

Ооруканада жаткан Рим папасы Францисктин ден соолугу начарлап, дарылануусун улантууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматка ылайык, Рим папасы бир жума мурун бронхит менен ооруп, ооруканага жаткырылган. Учурда ага дем алуу органдарынын полимикробдук инфекциясы деген диагноз коюлуп, дарылоо планы өзгөртүлдү.

Ватикандын басма сөз катчысы Маттео Бруни дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок экенин билдирип, папанын абалы туруктуу экенин жана анын дене табы көтөрүлбөгөнүн айтты. Ошону менен катар Францисктин ден соолугу анын көп иштегенинен улам начарлап кеткенин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Рим папасы өмүр бою ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөрдөн жапа чегип келет. Ал 21 жашында катуу оорудан улам өпкөсүнүн бир бөлүгүн алдырууга аргасыз болгон. Мындан улам ал респиратордук инфекцияларга көбүрөөк кабылары айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан