Бишкекте жайында 1 миллион 600 миңге жакын бир жылдык гүл гүлдөйт

Бул жылы борбор калаада жайкысын 1 миллион 600 миңге жакын бир жылдык гүл гүлдөйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, "Бишкек жашыл курулуш" ишканасы тарабынан өнүп чыккан гүлдөрдү атайын чөйчөкчөлөргө отургузуу иштери кызуу уланууда. Жайында борбор калаадан сальвиа, цинерария, пеларгония, катарантус, агератум жана башка көптөгөн гүлдөрдүн түрүн көрө алабыз.

"Жаркыраган гүлдөр шаар тургундарын өзүнүн ар түрдүүлүгү жана кооздугу менен кубандырып, шаардын көчөлөрүндө кайталангыс атмосфераны жаратат", - деп билдирди мэрия.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан