Түркиялык аял "атам" деп жүргөн адамы 42 жыл мурун чыныгы атасын өлтүргөнүн билди

Түркиянын Мугла провинциясынын тургуну, 50 жаштагы Беррин Налжы атасы деп эсептеген адам анын чыныгы атасын өлтүргөнүн билип калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматтарга караганда, Налжы аттуу аял ушунча убакыт бою Махир Аййылдызды атасы деп ойлогон. Бирок 2023-жылы эжеси анын мураскорлукка укугу жок экенин айткандан кийин Налжы ДНК тести аркылуу муну тастыктоо үчүн сотко кайрылган. Бирок жыйынтык Махирдин кызы эмес экенин көрсөткөн.

Нажлынын чыныгы атасы 42 жыл мурун өлтүрүлгөн Акьяка шаарындагы эң бай адамдардын бири Мустафа Уянык экени белгилүү болгон. Ал Уянык менен Фатма Аййылдыздын жашыруун махабатынан төрөлгөн. Фатма бул маалыматты жашырып, Махирди кыздын атасы деп көрсөткөн. Бирок Махир муну билип калып, Уяникти 1982-жылы токойдон өлтүргөн. Кийин ал абактан чыкканда аялын кечирип, кызды багып алган.

"Чыныгы атамдын ким экенин билүү үчүн гана сотко кайрылгам. Эми тынч уктайм, эч кандай суроо калбады, атамдын ким экенин так билем. Эгерде ушундай сюжеттеги тасманы көрсөм абдан таң калмакмын", - деген Налжы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан