Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемесинин директору болуп Зарина Молдокулова дайындалды. Бул тууралуу министрликтен бүгүн, 21-февралда билдиришти.
Маалымдалгандай, буга чейин ал аталган мекеменин директорунун орун басары кызматын аркалап келген.