Бишкек шаарында толгоосу жакындаган аял өз убагында төрөтканага жеткирилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы маалымдады.
Кечээ, 20-февраль күнү патрулдук кызматкерлер жол тыгынында турган такси унаасынын ичинде бир аялдын толготуп жатканын байкашкан. Алар ыкчам чара көрүү менен аялды төрөтканага жеткиришкен.
Толгоосу келип жаткан аял өз убагында дарыгерлерге тапшырылды.