Бишкектин четиндеги конушта кызганычтан улам аялын өлтүрүүгө шектелген адамга сот өкүмү чыкты

Бишкектин Арча-Бешик конушунда аялынын өлүмүнө шектелип кармалган 34 жаштагы жаран 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Бишкектин Ленин райондук соту 17-февралда кабыл алган. Анда айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту (Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөө өкүм кылынган.

Ошондой эле андан жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнө материалдык чыгым катары 96 миң сом жана моралдык зыян катары 1 миллион сом өндүрүлүп берилгени белгиленди.

Белгилей кетсек, былтыр Арча-Бешик конушунда 15-ноябрь күнү таңга маал 27 жаштагы келин менен күйөөсүнүн ортосунда кызганычтан улам чыр чыгып, 34 жаштагы жаран жубайын бычактап салганы маалым болгон. Анда шектүү өзүнө дагы кол салып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан