АКШ менен Украина президенттеринин Вашингтондогу жолугушуусу ийгиликсиз аяктады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, жабык эшиктер алдындагы сүйлөшүүдөн мурун Украина лидери Владимир Зеленский менен АКШнын президенти Дональд Трамп журналистердин суроолоруна жооп беришти.
Алгач эгер элдешүү болбосо, АКШ Украинага курал-жарак берүүнү улантабы деген суроо болду. Буга Трамп жеткирүүлөр уланып жаткандыгын айтып, бирок ал мындай жагдайды каалабай тургандыгын айтты, анткени “согуш тез бүтөт деп күтүп жатабыз жана биз башка нерселер менен да алектенишибиз керек” деп жооп узатты.
Бирок көп өтпөй Трамп менен Зеленскийдин сүйлөшүүсү бир топ чыңалып, бийик үн менен коомдук талашка айланды. Бул АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Зеленский аларды сыйлабай жаткандыгын айтып айыптап, Трамп украиналык лидер “Үчүнчү дүйнөлүк согуш менен ойноп жатат” деп айткандан кийин башталды.
“Украинадагы кырдаал жакшы абалда эмес. Сизде азыр эч кандай “козерь” жок. Биз менен гана кепилдик бар. Сиз миллиондогон адамдардын өмүрүн тобокелге салып жатасыз! Үчүнчү дүйнөлүк согуш коркунучу бар!”, - деди Трамп.
Бир нече убакытка созулган журналисттердин катышуусундагы жыйын эки лидердин кызуу талаш-тартышы менен жыйынтыкталды. Андан соң жабык эшик артында жолугушуу мөөнөтүнөн мурда үзгүлтүккө учурады. Ак үйдүн маалымат кызматы Украинанын жер казынасы боюнча алкактык келишимге кол коюлбагандыгын билдирди.