Тажикстандын парламентинин төмөнкү палатасына болгон шайлоодо бийликтин Элдик-демократиялык партиясы жеңишке жетти. Кечээ, 2-мартта өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы Бахтиёр Худоёрзода маалымат жыйынында тааныштырды.
Анда элдик-демократиялык партиясы шайлоочулардын 51,9 пайыз добушун алып, партиялык тизме менен жете турчу 22 мандаттын 12сине ээ болгон.
Комиссиянын башчысынын айтымында, шайлоого катышуу укугуна ээ болгон 5,5 миллиондон ашык жарандын 4,7 миллиондон ашууну добуш берип, жалпы шайлоочулардын 85,3 пайызы катышкан.
Тажикстандын парламентинин төмөнкү палатасынын депутаттыгына шайлоо аралаш система боюнча өткөрүлдү. Жалпы 63 депутаттык орунга 220 талапкер ат салышты. Анда 152 талапкер 41 бир мандаттуу шайлоо округдарынан, ал эми 68 талапкер жалпы республикалык бирдиктүү шайлоо округунан партиялык тизме аркылуу катышты.