Садыр Жапаров судьялардын XIII курултайына катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта өлкөдөгү судьялардын XIII курултайына катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясынан маалымдашты.

Анда мамлекет башчысы судьяларды ротациялоо системасынын киргизилиши оң натыйжаларды бере баштаганын айтты. Азыр ошол аймактарга которулган судьялар үчүн батирлер курулуп жатат.

Ошондой эле ал судьялардын айлык маянасы 100 пайыз көтөрүлүп, бул сот тармагына жогорку квалификациялуу адистерди тартууга бир топ стимул болгонун айта кетти. Мындан башка заманбап сот имараттары курулуп берилүүдө, бир катар аймактарда Адилеттүүлүк үйлөрү ачылды, ал эми Ош шаарында жаңы борбордун ачылышы пландалууда.

Президент сот тутумундагы коррупция эң биринчи кезекте элдин мамлекетке болгон ишенимин солгундатарын баса белгиледи.

“Соттун таразасы калыс болсо, элдин ишеними бекем болот” деген учкул сөздү эске алуу менен антикоррупциялык мыйзамдар күчөтүүнүн үстүндө”, - деди мамлекет башчысы.

Ал коррупцияга каршы күрөшүү жаатында киргизилип жаткан түзөтүүлөр жооптуу адамдардын коррупциялык мыйзам бузуу аракеттерин алдын алууга багытталганын белгиледи. Ал судьялар бул маселеге олуттуу мамиле жасаарына ишенимин билдирди. Судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында Тартип комиссиясы түзүлгөнү айтылды.

Жапаров курултайдын алкагында президент сот системасына алдыдагы үч жыл ичинде чечилиши керек болгон жаңы милдеттерди койду.

Таза иш алып барууну камсыздоо жана коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу максатында жаңы судьяларды тандоо системасын тез арада өркүндөтүү зарыл”, - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Ал документтерди тапшыруунун электрондук системасын киргизүүнү тапшырды. Бул жарандардын өлкөнүн булуң-бурчунан борборго келип-кетүүсүнө байланыштуу каржылык жана убакыт чыгымдарын азайтат. Маалыматтарды автоматташтырылган тартипте иштеп чыгуу механизмин ишке киргизүү керек. Бул болсо тандоо процессин ыкчамдатуу менен бирге анын тактыгын жана адилеттүүлүгүн камсыз кылат. Судьялык кызматка талапкерлердин резервин түзүү тапшырылды. Бул биринчи жолу дайындалган судьялардын кесиптик даярдыгы боюнча көптөгөн маселелерди чечүүгө өбөлгө болмокчу.

Ошондой эле президент мамлекеттик программанын алкагында жеке сот аткаруучулар институту түзүү боюнча пландар жөнүндө айта кетти.

“Алдыңыздарга коюлган бардык тапшырмалар сот адилеттигин арттырууга, өлкөбүздүн жарандары үчүн калыстыкты камсыз кылууга жана судьялардын иштөө шарттарын жакшыртууга багытталган. Тапшырмалар аткарылып, ийгиликтерге жетишилсе, Кыргызстандын сот системасынын өнүгүшүнө күбө болобуз”, - дейт президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан