"46 миң 822 тонна таштанды чыгарылды". Бишкектин мэри Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо иштерин текшерди

Бүгүн, 11-мартта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо боюнча жүргүзүлүп жаткан масштабдуу иштер менен таанышты. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, жалпысынан Аламүдүн дарыясынын 11 чакырым нугу тазаланып, HOWO үлгүсүндөгү самосвалдын 2100 рейси аткарылып, 46 миң 822 тонна таштанды чыгарылды. Дарыя жээктерин бекемдөө үчүн 4287 тонна шагыл төгүлгөн. Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан тиешелүү уруксат документтери жок дарыянын жээгинде жайгашкан 16 объект демонтаждалган.
Жунушалиев иштер токтоп калбастыгын баса белгилеп, дарыяны эстетикалык көрүнүшкө алып келүү үчүн чакан экскаваторлорду ишке киргизе тургандыгын кошумчалады. Ошондой эле бир нече тапшырмаларды берди:
- Аламүдүн дарыясынын жээгинде жайгашкан тосмолор кандай негизде орнотулгандыгын иликтөө тапшырмасы берилди. Тиешелүү уруксаттар жок болсо, демонтаждоо иштерин жүргүзүшөт.
- «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасына жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү, сейилдөөчү аянтча уюштуруу, жарандардын эс алуусу үчүн шарттарды түзүү жана дарыя жээктерин бекемдөө боюнча башка тиешелүү иштерди жүргүзүү милдети коюлду.
- Жөө жүрүүчүлөрдүн эс алуу жерлериндеги чуңкурларды оңдоо иштери "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына тапшырылды.
- Ала-Арча дарыясынын нугун тазалоо иштерин 20-мартка чейин бүтүрүү милдетин койду.
"Механикалык тазалоо суу ташкындарынын алдын алууда, суунун сапатын жакшыртууда жана ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан