Бүгүн, 12-мартка караган түнү өткөн Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын жооптук беттешинде "Барселона" менен "Бенфика" ортосунда өзгөчө тыныгуу болду.
Беттештин 16-мүнөтүндө башкы калыс Франсуа Летексие орозо кармап жаткан оюнчулар суу ичип алышы үчүн беттешти саамга токтотту. Талаада орозо кармап жаткан үч футболчу болгон. Алар "Барселонанын" лидери Ламин Ямаль жана "Бенфиканын" түркиялык эки оюнчусу - Оркун Кекчу менен Керем Актүркоглу.
Футболчулар суу менен оозун ачкандан кийин беттеш кайра уланды.
Оюн 3:1 эсебинде "Барсанын" жеңиши менен аяткап, каталондук клуб 1/4 финалга чыкты.