Депутат Таштанбеков: "Кимиңерден баштасам? Эдилден баштайынчы" (видео)

Бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңеш өкмөттүн жазгы-талаа жумуштарына даярдыктарын жана социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча маалыматын угууда. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары Эдил Байсалов, Бакыт Төрөбаев баш болгон өкмөт мүчөлөрү маалымат берүүдө.

Жыйында суроо берүү кезеги депутат Акбөкөн Таштанбековго келгенде, ал өкмөт мүчөлөрүн адатынча тамашалады.

"Кимиңерден баштасам? Эдилден (ред.: Байсалов) баштайынчы. Эдил, 2 жыл мурун "апам картөшкөдөн сонун кылып пирожки жасап берет, кофеси сизден болсун, районуңузга барып келели" дедиңиз эле. 2 жылдан бери сизди күтүп отуруп көзүм тешилди. Баягы күнү министриңиз менен барып келдик, бирок майнап деле чыккан жок. Качан барабыз районго? Жанагы мектеп, бала бакчалардын баарын бир сыйра көрсөтүп чыгайын сизге", - деди Таштанбеков.

Ошондой эле ал Бакыт Төрөбаевге Ысык-Ата районундагы жетекчилердин баары жалал-абаддык жердештери экенин, мындан улам аларды мурдагыдай сөгө албай калганын айтты.

"Мен мурунку акимдерди барып сөгө берчүмүн да. Жакында эле барып акимди сөксөм унчукпайт. Анан "Каяктыксың?" десем, "Сузактанмын" дейт, менин дароо демим чыкпай калды. Прокурорду сөгөйүн десем ал да, министр, спикер деле ошол жактан, азыр сиз-биз деп эле жанына жолобойм. Бирок сиз айтып коюңузчу, иштетиш керек да", - деди эл өкүлү.

Жогорку Кеңеш 12.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан