Бүгүн, 12-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевге кайрылып, берген убадасын эске салды.
"Сиз ушул жерден "Тоң менен Жети-Өгүзгө барабыз" деп мага, элге убада бергенсиз. Бирок акырын өзүңүз Төрт-Күлгө барып, кетип калыпсыз, эми ошол маселе эмне болот?" - деди ал.
Төрөбаев депутатка анын графиги менен иштей албастыгын айтып, ага чогуу барууну каалап жатса министрдин графигине өтүүнү сунуштады. Эл өкүлү "сиздин график боюнча иштеп жатам" деди. Төрөбаев "анда көйгөй жок" деп, Малиевди Тоң районунда салынып жаткан Үч-Коргон суу сактагычынын ачылышына чакырды.
"Экинчи маселе, Зелёный Гай (Жети-Өгүз районундагы айыл) айылына Сталиндин убагында бир насос коюлуптур. Ошону сизге айттым эле, эмне болду?" - деп сурады депутат.
Төрөбаев ал жасалып жатканын айтканда, Малиев бул боюнча тийиштүү жооп албаганын билдирди.
"Жооптун эмне кереги бар. Биз иш кылсак болду да", - деп сөз кайтарды министр.