Бүгүн, 12-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев өкмөттүн жазгы талаа жумуштарына болгон даярдыктары тууралуу маалымат берди.
Жыйында депутат Султанбай Айжигитов айыл чарбаны өнүктүрүү жолун таппай калганда мага келгиле деп сунушун берди.
"Бакыт Эргешович пландоого өтмөйүнчө айыл чарба, аймактар эч качан өнүкпөйт. Сырткы, ички карыздарга батып, акчаларды жумшап, өнүгүү көңүлдөгүдөй болбой жүдөп калганыңыздарда мени эстеп, мага келсеңиздер, мен бир эле айыл чарба эмес, ага байланыштуу бардык тармактарды тез өнүгө турган жолду айтып берем. А буга чейин чакырып, акылдашып турсаңыздар андан да жакшы болот", - деди ал.
Парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Айжигитовго кайрылып, "сөз бербейт деп жаттыңыз эле, сөз бердик сизге. Сабыр кылыңыз" деди.