Жапаров Тажикстандын президенти менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча билдирүү жасады

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 13-мартта Бишкекте Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.

Мамлекет башчысы сапардын жүрүшүндө алар достук маанайда, баарын камтыган иштиктүү жана конструктивдүү негизде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөнүн белгиледи.

"Саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык маселелердин кеңири спектри кылдат каралып, регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду. Урматтуу Эмомали Шарипович экөөбүз Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары ар тараптуу чыңдоо үчүн зарыл чараларды көрүүгө чечкиндүүлүгүбүздү ырастадык.

Мамлекеттик сапардын алкагында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимдин тарыхый маанисин белгиледик. Мындан ары да кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боордош эки өлкө менен элдин түбөлүк достугунун чек арасы болуп кала берерин билдирдик.

Биз саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү ырааттуу өнүктүрүү үчүн комплекстүү чаралар көрүлөрүн ырастайбыз. Бул максаттарда Мамлекеттер аралык координациялык кеңештин, эки өлкөнүн Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жана Тышкы иштер министрлер кеңешинин потенциалы толук өлчөмдө пайдаланылат.

Биз эки тараптуу кызматташтык маселелерин комплекстүү кароо боюнча Өкмөттөр аралык комиссияны Кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңеши деп кайра түзүү чечимин кабыл алдык, аны Министрлер кабинетинин төрагасы жана Тажикстандын премьер-министри жетектейт.

Алдыда боло турган мезгилде бул багытта алга жылууну камсыз кылуу максатында эки өлкөнүн экономикалык потенциалын натыйжалуу пайдалануу жолу менен соода-экономикалык кызматташтыкты сапаттуу өнүктүрүү үчүн зарыл чаралар көрүлөрүн белгиледик.

Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, Автомобиль жолдорунун кесилишин жайгаштыруу жана пайдалануу жөнүндө Макулдашууга жана Министрлер кабинети менен тажик өкмөтүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетикалык объекттерге жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашууга кол коюуну кубаттайбыз.

Биз эки элдин этностук жана тилдик өзгөчөлүгүн сактоого, ошондой эле Тажикстандын аймагында жашаган этникалык кыргыздарга жана Кыргызстанда жашаган этникалык тажиктерге, коомдук бирикмелердин жана улуттук маданий борборлордун ишмердүүлүгүнө алардын эне тилин, улуттук маданиятын, каада-салттарын жана үрп-адаттарын сактоо жана өнүктүрүү контекстинде жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтөбүз.

Гуманитардык чөйрөдө кызматташууну ырааттуу кеңейтүү зарылдыгын белгилейбиз. Бул багытта маданият, билим берүү, илим, спорт, туризм жана саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө байланыштар бекемделип, жалпыга маалымдоо каражаттары, илимий-аналитикалык уюмдар, достук коомдору, көркөм жана театралдык жамааттар аркылуу делегациялар менен алмашуу активдешет.

Биз өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин бардык спектри боюнча туруктуу негизде активдүү саясий диалогду улантууга макулдаштык. Тажикстандын президентинин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын тарыхый жыйынтыктарын терең канааттануу менен белгилеп кетким келет. Болуп өткөн баарын камтуучу кылдат сүйлөшүүлөр эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркы өнүгүшүнө салым кошоруна ишеним билдирем.

Биз Кыргызстан менен Тажикстан боордош элдеринин кызыкчылыгында кыргыз-тажик мамилелерин сапаттуу жаңы деңгээлге көтөрүүгө болгон чечкиндүүлүгүбүздү билдиребиз. Урматтуу Эмомали Шарипович Рахмондун мамлекеттик сапарынын жыйынтыктары кыргыз-тажик мамилелеринин өнүгүшүнө оптимисттик көз караш менен кароого мүмкүндүк берет", - деди президент Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан