Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул туурасында парламенттин маалымат бөлүмү билдирди.
Маалымдалгандай, жолугушууда кыргыз-тажик кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү тууралуу сөз болду.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу мамлекеттик чек аралардын такталышындагы өлкө башчыларынын саясий эрки кызматташтыктын жаңы барагын ачууга өбөлгө түзгөнүн билдирди.
“Биз бардык кошуналарыбыз, анын ичинен тажик эли менен достук жана жакын коңшулук мамилелерди бекемдөөгө ар дайым кызыкдарбыз. Айрыкча соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты арттырып, тарыхый байланышы терең эки элдин өнөктөштүгүн өрчүтүүбүз кажет. Кыргыз-тажик алакасын арттырууга багытталган мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө көп”, – деди төрага.
Ага улай спикер “Кайрагач” жана “Кызыл Бел” көзөмөл өткөрмө жайларынын ачылышы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, айрыкча чектеш аймактардын байланышын чыңдоого көмөкчү боло тургандыгын кошумчалады.
Өз кезегинде Эмомали Рахмон Тажикстандагы жарандык согушту жөнгө салууда депутаттардын ролу чоң болгонун белгилеп, мамлекеттер аралык байланышты чыңдоодо да парламенттик дипломатиянын салымы арбын экенине токтолду. Ошондой эле президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунда жетишилген макулдашуулар тууралуу да кеп кылган коңшу өлкөнүн башчысы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилерге тиешелүү жагдайларга да токтолду.
Мындан тышкары, жолугушууда чөлкөмдөгү коопсуздукту камсыздоо, эл аралык тынчтыкты сактоо маселелери сөз болуп, тараптар аталган багытта биргелешип иш жүргүзүү зарыл экенин белгилегендиги маалыматта кошумчаланган.
Эске салсак, Тажикстан президенти Бишкекке кечээ, 12-мартта келген.