Жогорку Кеңеш турак жайды жана унааны милдеттүү камсыздандыруу мыйзамын кабыл алды

Бүгүн, 13-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында жарандарды камсыздандыруу полисин алууга милдеттендирген мыйзам долбоору үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынды. Ага каттоодон өткөн 80 депутаттын 65и макул болсо, калганы добуш берген жок.

Министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбооруна ылайык, турак жайды жана унааны милдеттүү камсыздандыруу талап кылынат. Эми ага президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Эске салсак, 12-февралдагы парламент жыйынында аталган мыйзам долбоорун депутат Исхак Масалиев сынга алып, кесиптештерин каршы добуш берүүгө чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан