Эмгек министрлиги социалдык түйүндөрдөгү шылуундарга ишенбөөнү эскертет

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мессенжерлер жана социалдык тармактар (WhatsApp, Telegram, Facebook) аркылуу белгисиз номерден билдирүүлөрдү жиберип, министрдин орун басарларынын атынан телефон чалган шылуундар тууралуу эскертет.
Маалымдалгандай, министрлик жарандарды сак болууга чакырат.
"Эгерде сиздерге министрдин атынан же анын орун басарларынын атынан телефон чалса же “Менин жаңы телефон номеримди сактап алыңыз” деген өтүнүч менен билдирүү жиберсе, мындай билдирүүлөргө ишенбеңиздер. Министрликтин кызматкеримин деп тааныштырган адамдардын телефон чалууларына ишенбөөгө, акча которбоого жана жеке маалыматты бербөөгө чакырабыз. Тастыктоо үчүн өзүңүздөр байланышып жүргөн министрликтин кызматкерине телефон чалууну суранабыз", - деп айтылган маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан