БУУ кыргыз-тажик чек арасынын такталышы боюнча куттуктоо жолдоду

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара келишими боюнча БУУнун Башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик билдирүү жолдоду. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда эки өлкөнүн бул чечими тарыхый кадам экендиги белгиленген.

“Бишкек шаарындагы Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери тарабынан мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюлушун жылуу кубаттайбыз. Эки өлкөнү тең бул тарыхый жетишкендиги менен куттуктап, ондогон жылдарга созулган сүйлөшүү процессин ийгиликтүү аяктоодо алардын лидерлигин, чечкиндүүлүгүн жана саясий эркин баалайбыз.

Келечекте эки өлкөнүн элинин тынчтыгы, жакшы коңшулук мамилелери үчүн конструктивдүү иш алып барылат деп ишенебиз”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга эки күндүк иш сапары менен келген. Анын алкагында президент Садыр Жапаров менен биргеликте чек араны тактоо боюнча келишимге кол коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан