"Чыңгыз Айтматовду өзүнүн району шайлабай коюшкан".  Депутат Токтошев жаңы шайлоо мыйзамын сынга алды (видео)

Бүгүн, 20-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент депутаттарын шайлоо тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Талкуу учурунда депутат Эмил Токтошев учурдагы аралаш шайлоо тутумунда калуу ыңгайлуу экенин белгилеп, жаңы мыйзам боюнча шайланган эл өкүлү чоң маселелерди көтөрө албай калат деген кооптонуусун билдирди.

"Дүйнө партиялык шайлоого өтүп жатса, биз артка кетип жатабыз. Эгерде биз окуругдарга бөлүп койсок, ар бир райондон шайланган депутат ошол окуругдун жолун, мектебин, бала бакчасын көтөрбөсө, кийин аны эли шайлабй коёт. Жогорку Кеңеш болгондон кийин республикалык деңгээлде шайланган, мамлекеттин тагдырын чече тургандар келсе болмок...

Билсеңер, 1995-жылы болуш керек, өлкөдө шайлоо болгон. Ошондо улуу, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду өзүнүн району "көпүрө салбай койдуң" деп шайлабай коюшкан. Ал киши бир айылдын көпүрөсүн салган жок, бирок Кыргызстан менен дүйнөнүн ортосуна көпүрө салып койду. Биз кайра ошол деңгээлге түшүп бара жатабыз. Кыргызстан эксперимент эмес да, шайлоо сайын өзгөртө берген", - деди ал.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору 17-февралда коомдук талкууга чыккан болчу. Анда өлкө боюнча 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, можаритардык тутум менен анын ар биринен көп добуш алган үч талапкер, жалпы 90 талапкер Жогорку Кеңешке шайланары белгиленген. Ошондой эле мыйзамда аялдар үчүн 30 депутаттык мандат бөлүү каралган. Депутаттык мандатка ат салышкан талапкерлердин добуштары бирдей болуп калган учурда каттоо үчүн документтерин эрте берген талапкер жеңүүчү деп таанылат.

Мыйзамда талапкер саясий партиянын тизмеси же жеке өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катыша алары көрсөтүлгөн. Талапкер 25 жашка чыккан болушу керек жана жогорку билими бар, акыркы беш жылда өлкөдө туруктуу жашаган кыргыз жараны болуусу шарт. Ал эми депутаттын орду бошогондо кайра шайлоо өткөрүлбөстөн, ошол округдан добуш боюнча кийинки орунду алган талапкерге мандат берилет. Аялдын ордуна аял гана келет.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана эл өкүлдөрү Нурбек Сыдыгалиев, Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Данияр Төлөнов, Жумабек Салымбеков, Чыңгыз Ажибаев демилгелеген документ "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт.

Бүгүнкү күндө өлкөдө аралаш шайлоо тутуму колдонулат. 2020-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына келген 90 депутаттын 54ү пропорционалдуу тутум менен партиялык тизме аркылуу, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланышкан.

Жогорку Кеңеш 20.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан