Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынында кыргыз режиссёру Руслан Акундун «Бейиш эненин таманында» аттуу көркөм тасмасынын жабык көрсөтүүсү өттү. Бул туурасында бүгүн, 20-мартта Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чара "Түркия - Кыргызстан" парламенттер аралык достук тобунун төрагасы, Түркия парламентинин конституциялык комиссиясынын төрагасы Юсуф Беязыт жана Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги менен биргеликте, Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуштун колдоосу менен өткөрүлдү.
Тасма Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмундагы төрагалыгына карата көрсөтүлдү.
Казакбаев депутаттарды Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан негизги саясий жана экономикалык реформалар менен тааныштырып, өлкөнүн алдыга койгон максаттары жана жакынкы келечектеги милдеттери тууралуу кеңири маалымат берди.
Иш-чаранын алкагында Түркия парламентинин имаратында Кыргызстандын маданий мурасын жана жаратылыш кооздугун чагылдырган сүрөт көргөзмөсү да уюштурулду.