Журналист Канышай Мамыркулова 19-майга чейин камакта калтырылды

Активист жана эркин журналист Канышай Мамыркулова 19-майга чейин камакка алдынды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Канышай Мамыркулованын баш коргоо чарасы бүгүн, 22-мартта каралып, сот анын кармалышын мыйзамдуу деп таап, 19-майга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Канышай Мамыркулова 20-мартта Бишкек ШИИБ тарабынан кармалган. Ага карата кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык баш аламандыктар) менен кылмыш иши козголгон.

Айта кетсек, эркин журналист Канышай Мамыркулова социалдык баракчаларынан коомдогу болгон окуяларга байланыштуу өз оюн жазып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан