Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Жумабек Салымбеков салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдун жасап жаткан иштерин мактоого алды.
Жыйында Шыкмаматов депутаттарга салык чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берип, "Дордой" базарына пилоттук долбоор киргизилип жатканын маалымдады. Эл өкүлү долбоор боюнча биргелешип иш алып барып жатышканын белгиледи.
"Ушу Алмамбет Насырканович келгенден бери, чындыгында, салык боюнча чоң жылыштар болду. Буга чейин "могундай болосуңар" деп, ККМ жана башка текшерүүлөрдүн айынан көптөгөн бизнестер жабылып калган. Керек болсо чай саткан дүкөндөр, кичинекей бизнестер жоголуп кеткен. Бүгүнкү күндө анын баары токтоп, жакшы жакка баратат. Алмамбет Насырканович, сиз баштадыңыз, эми аягына чыгыңыз. Сизге күч-кубат", - деди ал.
Айта кетсек, Жумабек Салымбеков "Дордой" ассоциациясынын негиздөөчүсү, ишкер Аскар Салымбековдун агасы Мамытбай Салымбековдун уулу.