Бүгүн, 1-апрелде Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчада Жер кодексинин жаңы редакциясына нааразы болгондор акцияга чыгышканы белгилүү болду.
Чогулгандар президентке аталган кодекске кол койбоону өтүнгөн кайрылууга кол топтошкон. Алар эгер жаңы редакция кабыл алынса жер тилкелерин менчик ээлеринин макулдугусуз эле тартып алууга жол ачылат деген кооптонуу менен чыгышканы айтылды.
Белгилей кетсек, Жер кодексинин жаңы редакциясы Жогорку Кеңештин 13-февралдагы жыйынында кабыл алынган. Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, жаңы редакциясы боюнча пикирин билдирип, менчик жерлерди алып коюуга каршы экенин айткан.