Социалдык тармактарда өзбекстандыктардын кыргыз жол тескөөчүлөрүнө ыраазы болгон видеосу тарап жатат. Аталган видеону Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы да Facebook баракчасына кечээ, 11-апрелде бөлүштү.
Бирок качан жана кайсы жерде тартылганын тастыктаган жок.
Анда алардын бири: "Биз радарга түшүп калдык. Бирок МАИ кызматкерлери биздин мейман экенибизди билип, "кайта бергиле" деп жатат. Бизде унаанын терезесин караңгылатууга уруксат бар, ал эми Кыргызстанда жок экен. Кыргызстандын МАИлерине сөз жок, респект. Бул экинчиси", - деген.