Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы милиция кызматкерлерине 2025-жылкы Cobalt жана JAC унааларын тапшырды (фото)

Жалал-Абадда милиция кызматкерлерине жаңы автоунаалар тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Бүгүн, 19-апрелде Улуттук коопсуздук коминтетинин төрагасы Камчыбек Ташиев аймактардын географиялык шарттарын, район-шаарлардын өзгөчөлүктөрүн, ыкчам-кызматтык ишмердикти бекемдөөнү эске алып, Жалал-Абад облусунун ШРИИБдин башчыларына 2025-жылы өндүрүштөн чыгарылган Шевроле Кобальт, Sunray ESC жана JAС 4WD үлгүсүндөгү жалпы жыйырма кызматтык автоунааларды тапшырган.

"Камчыбек Ташиев, милиция кызматкерлерге кайрылып өлкөнүн ички коопсуздугун жана элдин бейпил жашоосун сактоо үчүн мамлекетке ак ниетүүлүк менен кызмат өтөп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сактап, элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу багытында талыкпастан эмгектенүүгө чакырды", - деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле Жалал-Абад ОИИБдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Капар Исаков сөз сүйлөп, кызматкерлерге акыл-насаатарын айтып жакшы шарттар түзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан