ЖАМКтын Кайтаруу жана конвой департаментине 83 жыл толду (видео)

20-апрель ЖАМКтын Кайтаруу жана конвой департаментине 83 жыл толот. Аны утурлай бүгүн, 19-апрелде жаш жоокерлердин ант берүү аземи болуп өттү.

Ардагерлер кеңешинин төрагасы Советбек Арабаев иш-чарада департаменттин майрамы менен куттуктады. Ал бул жолку аскердик ант берүүнүн өзгөчөлүгү саналуу күндөрдөн кийин Улуу Ата Мекендик согуш жеңишинин 80 жылдыгынын белгиленишинин алдында болуп жатканын да баса белгиледи.

Биздин ардагерлер уюму бизден ар кайсы мамлекетке тарап кеткен ардагерлерибизди чогултуп, байланышта болуп турат. Алар азыр 14 мамлекеттин территориясында жашап келишет.

Советтер Союзунун Баатыры генерал Үсөнбеков да биздин ушул аскер бөлүмүндө кызмат өтөгөн. Командирдин орун басары болуп 6 жыл бою ушул бөлүмдө жоокерлерди тарбиялап, насааттарын айтып турчу. Ошону менен биз абдан сыймыктанабыз. Жаш жоокерлерди бүгүнкү азем, эртеңки майрам менен куттуктап, үйлөрүнө жарык жүзү менен кайтуусун каалап, алдыда ошондой мыкты генерал болсун деген тилектеримди айттым”,- деди Советбек Арабаев.

19.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан