Нарын облусунда бүгүн, 19-апрель күнү кар жаап, жол тайгак болууда. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Кар кечинде Ат-Башы районуна бара жаткан жолдогу Кызыл-Бел ашуусуна жааган. Видеонун автору жол аябай тайгак болуп жатканын кошумчалады.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө үшүк жүрөрүн эскерткен.