Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Борбор Азия өлкөлөрү боюнча сапарынын алкагында Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, аны "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.
Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедовдун эки тараптуу сүйлөшүүлөрү, ошондой эле бир катар маданий иш-чараларга баруулары пландалууда.