Минск шаарында Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев менен Беларустун премьер-министринин орун басары Анатолий Сивактын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Анын жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын (сезондук жашылча-жемиштерди) жана текстиль продукцияларын Беларустун рыногуна жеткирүү механизмдерин талкуулашты.
"Өнөр жай кооперациясынын жана Кыргызстанда беларус жабдууларын жыйноочу өндүрүштү ачуу маселелерин кеңири талкуулашты. Беларустун ири өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрүнүн Кыргызстанга сапарын уюштуруу маселесин иштеп чыгуу боюнча макулдашууга жетишилди", - деп жазылат маалыматта.
Ошону менен бирге жакынкы айларга белгиленген кыргыз-беларус бизнес форумуна даярдыктын жүрүшү талкууланды.