Эстрада ырчысы Нурлан Насип өзүнүн түштүк жергесиндеги концертинде Асел Кадырбекованы жакшы көрөрүн айтып, алардын башынан көптөгөн кыйынчылыктар өткөнүн жана ар бир үй-бүлөдө уруш-талаш болорун айткан.
"Барыңыздар көрдүңүздөр, биздин башыбыздан оор окуялар өттү. Азыр таптатынакай болуп элдин алдында ырдап жүрөт. Кудайым бизди чоң кырсыктан аман алып калды. Асел ар дайым биздин бактыбызга бар болсун! Кызыңыздарды жакшы көрөм. Андай кызды кантип жаман көрөсүң? Ырчылардын сүйүүсү башкача болот", - деген Нурлан Насип.
Белгилей кетсек, Нурлан Насиптин Бишкектеги жеке концерти 19-апрелде "Бишкек аренада" өткөн. Концертке Асел Кадырбекова кызы Дария менен келип, ырчыны куттукташкан.