Садыр Жапаров Баткендин күрүчүн мактап, чет элдик конокко белек кылды (видео)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-апрелде "Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине бара жаткан жолдо" эл аралык конференциясынын экинчи күнүнүн алкагында Ала-Арча жаратылыш паркында көчөт отургузууга катышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.

Иш-чарада тоо өндүрүмдөрүнүн жарманкеси уюштурулуп, өлкө башчы чет өлкөдөн келген ардактуу коноктор менен бирге көргөзмө павильондорун кыдырган. Анда Жапаров Баткендин Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл аймагында өстүрүлүп, өндүрүлгөн Ак-Турпак күрүчүнүн 3 түрүн конокторго белек катары берген.

"Үч түрүн алып, сизге берем. Барып, үйдөн тамак жасап, жеп көрүңүз", - деди мамлекет башчы.

Айтмакчы, иш-чарага Жапаров жубайы менен кызын да ала барган.

25.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан