
Президенттин иш башкармалыгы 30-апрелде «Ала-Арча» жаратылыш паркы бардык унаалар үчүн жабык болорун эскертти.
Мекеме билдиргендей, бул күнү санитардык күн жана асфальт төшөө иштери жүрөт. Келген конокторго да чектөө болот.
"Паркка кирүү жөнөкөй жарандар үчүн жабык болот, ал эми мейманканаларды алдын ала номер брондогон же ресторандардан бронь жасоону пландаган коноктор үчүн гана кирүүгө уруксат берилет.
Ошондой эле, парк ичинде жүрүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилет. 1-майдан баштап парк кадимки тартипте иштей баштайт", - деп жазылган анда.
Эскерте кетсек, 1-майдан тартып парк аймагына бир гана электромобилдерге уруксат берилет. Дизель, бензин жана газ менен жүрүүчү унаалардын кирүүсүнө тыюу салынат.