Украинанын лидери Владимир Зеленский 9-майда Москвада өтө турган Жеңиш парадына кол салууну каалап жатканын кыйытты. Бул тууралуу кечээ, 29-апрель күнү кечки кайрылуусунда билдирди.
Кечки кайрылуусунда Зеленский Украина Орусияны жаңжалды токтотуу үчүн так кадамдарга барууга мажбурлоону көздөп жатканын айтты. Анын айтымында, Киев азыр Москванын эң маанилүү жерлерин тандап жатат.
"Алар парад тууралуу тынчсызданып жатат жана алардын тынчсызданганы туура. Биз, тескерисинче, бул согуш дагы эле уланып жатканына тынчсызданышыбыз керек", - деди Киев режиминин башчысы.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин 8-10-майга чейин ок атышууну токтотууну сунуштаган, бирок Зеленский иш жүзүндө аны четке каккан.