АКШ президенти Дональд Трамп орус лидери Владимир Путинге Орусия тарабынан Украинага болгон акыркы аткылоолор үчүн нааразычылыгын билдирди.
"Мен ага эмне болуп жатканын билбейм. Бул жигитке эмне болгон? Ал көп адамдарды өлтүрдү. Мен буга ыраазы эмесмин. Мен аны көптөн бери билем. Мен аны менен дайыма тил табышып келем. Бирок ал шаарларга ракеталарды учуруп, адамдарды өлтүрүп жатат. Мага бул жакпайт", - деген ал Нью-Жерсиде журналисттерге.
Трамп ошондой эле Орусияга каршы санкцияларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын белгилеген.